Жапаровдун маалымат катчысы саясатчылардын камалышы боюнча үн катты

Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып бир катар саясатчылар камакка алынган. Президенттин маалымат катчысы "бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу" деген билдирүүлөрдү орунсуз деген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кумтөрдүн айланасындагы акыркы камоолор тууралуу комментарий берди. Анын билдирүүсүн президенттин маалымат кызматы таратты.
Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айткандарына да жооп берген.
"Эл арасында алтын кенинин айланасында коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө ачык айтылып келсе да бүгүнкү күнгө чейин Кумтөр боюнча терең жана объективдүү иликтөө жүргүзүлгөн эмес. Коомчулуктун талабы менен учурда анын айланасындагы бардык коррупциялык иштер ар тараптуу каралып жатат. Бул иште өлкөдөгү белгилүү адамдардын аты да чыгууда. Бирок бул жагдай тергөө иштеринин жүрүшүн токтотпошу керек. Мыйзам алдында баарыбыз бирдей болгондуктан бул абалга кимдир бирөөлөрдүн мурдагы эмгегин, ээлеген кызматын байланыштырууга болбойт", — деди Жапаровдун маалыма катчысы.
Канат Исаев: салмактуу саясатчылар камалды, аларды үй камагына чыгарыш керек
Ал, ошондой эле, "бул саясий куугунтук, саясатка байланыштуу" деген сыяктуу билдирүүлөрдү орунсуз деген.
"Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган айрым жарандардын сөздөрүндө эч кандай негиз жок. Мен бардык тараптарды сабырдуулукка чакырар элем. Чекитти тиешелүү компетенттүү органдар коюшу керек", — деди Султанбаев.
Белгилей кетсек, Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов эки айга камакка алынган.