Алыстан дарбазанын бош бурчуна тээп. Май айындагы мыкты голдун видеосу

Футболчу бул голун чемпионаттын тогузунчу турунда киргизген. Мыкты голдун автору социалдык тармактардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасындагы (КПЛ) "Нефтчи" клубунун оюнчусу Нурсултан Абдурахмановдун голу май айындагы эң мыкты гол деп табылды. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун Instagram баракчасына жарыяланды.
Мыкты голдун автору социалдык тармактардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган. Анда бир канча талапкер болгон.
Денис Петрашов Европадагы турнирде дагы эки коло медаль алды
Абдурахманов бул голун Кыргызстандын премьер-лигасынын тогузунчу турунда Бишкектин "Илбирс" клубунун дарбазасына киргизген. Беттештин 41-мүнөтүндө командалашы Амируддин Шарифи берген топту атаандаштын айып аянтынын сыртынан дарбазанын алыскы бурчуна таамай тээп киргизген.
Бул гол кооздугу менен эле эмес, андагы комбинация жакшы уюштурулганы үчүн да баалуу болду.
Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" командасы учурда 11 оюндан 13 упай топтоп, мелдештик жарышта алтынчы сапта келе жатат.