Футбол: Кыргызстан тандоо оюндарын качан, кайсы убакта ойнойт. Расписание

Японияда борборлоштурулган оюндар келерки аптада башталат. Улуттук команда Монголия, Мьянма жана Япония менен беттешет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо этабындагы калган беттештерди ойноо үчүн Осака шаарына (Япония) барган.
Пандемияга байланыштуу F тайпасындагы калган оюндарды борборлоштурулган форматта өткөрүү чечими кабыл алынган.
30-майда команда Бишкекте машыгуу өткөрүп, 2-июнда Дубайга, андан ары 3-июнда Осака шаарына жетти.
Беттештердин жүгүртмөсү (Бишкек убактысы боюнча):
Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин тизмеге 25 футболчу киргизген.