БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Милиция "Сапат" билим берүү мекемесинин дайынсыз болуп жаткан жетекчиси Орхан Инандыны издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Активдүү издөө иштери Бишкек шаары менен Чүй облусунда жүргүзүлүүдө.
"Өткөн суткаларда бардык мейманканалар, курулуп жаткан имараттар, гараждар, унаа токтотуучу жайлар, завод, фабрикалардын каралбай калган имараттары жана сейил бактар текшерилди", — деп айтышты милициядан.
Ошондой эле издөө иштери шаар четиндеги аймактарда, тоо этектеринде, талааларда, суу каналдарында жана таштанды төгүүчү жайларда жүргүзүлүп жатат. Издөөгө иттер жана дрон дагы колдонулуп жатат.
Шаарга кирип-чыккан жер мобилдик жана стационардык посттор аркылуу көзөмөлдөнүп жатат.
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын 1-июндан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган. Инандынын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издегенин маалымдаган.