Кайда качып жүрүшөт?! Парламент шаардык кеңештин депутаттарын сындады

Мэрдин милдетин аткаруучу тариф маселесин шаардык кеңеш гана чечерин айтып, бирок шайлоо башталып калгандыктан депутаттарды чогулта албай жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаардык кеңешин маршрутка көйгөйүнө көңүл кош карап жатат деп сындашты.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов тариф маселесин шаардык кеңеш гана чечерин айтып, бирок шайлоо башталып калгандыктан депутаттарды чогулта албай жатканын айтты. Деген менен алардын кийинки чакырылыш келгенге чейин иштөөгө укуктуу экенин белгиледи.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов
Ошондой эле ал жол киренин баасын өзгөртүү боюнча токтом долбоору даяр болуп коомдук талкууга коюлганын билдирди. Ал мэриянын сайтында бир ай турушу керектигин айтат.
Мындан улам эл өкүлү Бейшеналы Нурдинов шаардык кеңештин депутаттары керектүү учурда иштебесе кийин кайра шайлабоого чакырды.
Депутат Бейшеналы Нурдинов
"Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын баары азыр кайра шайлоого баратат. Эгер алар бүгүн жыйынга чогулбаса, эл бирине да добуш бербеши керек. Ушундайда көйгөйдү чечпесе, эмнесине депутат болуп отурушат. Урматтуу мэр, сиз ошолорду азыр чогултуңуз. Шаардык кеңешти чогулта албагандан кийин эмнеге мэр болуп отурасыңар, кетпейсиңерби анда", — деди Нурдинов.
Ал эми Кожобек Рыспаев бир ай коомдук талкууга койбой эле токтомду ыкчам кабыл алуу муктаждыгы жаралганын айтты.
Депутат Кожобек Рыспаев
"Биз керек болсо эл таягын көтөрүп "депутаттарды үйүнөн алып чыгып сабайбыз" дегенде да коркпой чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлаганбыз. Эмне үчүн шаардык кеңештин депутаттары чогулуп маселени чечип койбойт", — деди ЖК депутаты.
Дагы бир парламентарий Айбек Осмонов мындай учурда түнү менен болсо да иштеш керек деп эсептейт.
Депутат Айбек Осмонов
"Шаардын эли шайлап депутат болуп келгенден кийин керек болсо түнү менен иштеши керек. Чогулуп чечишсин да, кайда жүрүшөт. Ошону сиз дагы мэр катары айтып колго алсаңыз. Элге керек учурунда иштебесе, качан иштейт", — деди Осмонов.
Бүгүн ЖК депутаттары борбор калаадагы маршрутка айдоочуларынын иш таштоосу боюнча шаар бийлигинин, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маалыматын укту.