Тазабек Икрамов ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы болду

Буга чейин ЖКнын Эл аралык иштер жана коопсуздук комитетин Исхак Пирматов жетектеп келген, ал 28-майда мандатын тапшырып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгына депутат Тазабек Икрамов шайланды.
Эл өкүлү: жаңы Конституция боюнча азыркы депутаттар декабрга чейин иштейт
Буга чейин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетти Исхак Пирматов жетектеп келген. Ал 28-майда депутаттык мандатын тапшырган. Андан кийин "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга айыпталып эки айга камалган.