Индира Кудайбергенова Кыргыз медициналык академиясына ректор болуп бекитилди

Кудайбергенованы ректорлук кызматка бекитүү боюнча билим берүү министринин буйругун статс-катчы Калысбек Шадыханов окуган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Профессор Индира Кудайбергенова Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын ректору болуп бекитилди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, тийиштүү буйрукка билим берүү министри Болотбек Купешев кол койгон.
Буйрукту министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов окуду.