Ушул жылдын 1-июнунан 31-декабрына чейин автоунааларды кайра каттатуу өнөктүгү өтөт. Бул тууралуу Бакыт Шералиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтмында, аталган убакытта автомашинаны кайра каттатуунун бирдиктүү баасы 460 сом болуп бекитилди.
"Автомашинасын кайра каттоодон өткөрбөй жүргөн жарандар көп. Ушул көйгөйдү жоюу максатында биздин мекеме акция баштады. Кампания 31-декабрга чейин уланат. Анын алкагында автомашинасынын номерин алмаштырбай кайра каттоодон өткөргөн айдоочулар болгону 460 сом төлөйт. Ал эми номерин алмаштырууну кааласа 1 360 сом болот. Башкача айтканда, улуттук кампания учурунда 0,3 пайыздык чогултма төлөмү алынбайт. Бул айдоочулар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк", — деди Шералиев.
Ал айып пул көйгөйү жана башка автоунаага байланыштуу маселелерге кептелбеш үчүн тиешелүү айдоочуларды аталган акциядан пайдаланып автоунааларын өз атына каттатып алууга чакырды.