Депутаттардын камалышы мыйзам бузууга жатат! Икрамов кесиптештерине болушту

Эл өкүлү мандаты бар депутаттарды камакка алууда жаңы Конституциянын 78-беренесинин 1-бөлүгү одоно бузулганын айтып чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Буга чейин мыйзамсыз камалгандар учурда бийликте отурат, ошондуктан азыр мыйзамсыз камоолорду токтотуу керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
Эл өкүлү мандаты бар депутаттарды камакка алууда жаңы Конституциянын 78-беренесинин 1-бөлүгү одоно бузулганын белгиледи.
Анда мындайча жазылган: Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыгы үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет.
"Мандаты бар депутаттарды камап жаткан соттор дагы, кармаган орган дагы жооп бериши керек. Биз ушинтип мыйзам бузуп жатсак, анда жөнөкөй адамдардын укугу тебеленет. Ушуга протоколдук тапшырма берсеңиз, кимдер кармаган болсо жооп берип, түшүндүрсүн. Себеби мурда мыйзамсыз камалгандар бүгүн элдин колдоосу менен бийликте отурат. Ошондуктан биз ар дайым мыйзамды сактасак жакшы болот эле", — деди Икрамов.
Андан соң төрага Талант Мамытов депутаттын сунушу боюнча Башкы прокуратурага протоколдук тапшырма берүү документин даярдоону аппарат кызматкерлерине тапшырды.
Белгилей кетсек, 31-майда Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камакка алынган.