Маршруткалар ишке чыкпай Бишкекте кайрадан тыгын жаралды

Буга чейин  социалдык тармактарда маршруткачылардын иш таштай турганы жөнүндө маалымат тараган. Айдоочулар мэриянын жол кире акысын жогорулатпаганына нааразы.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкекте эртең менентен баштап жолдогу машиналардын көптүгүнөн тыгын жаралууда. Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок.
Автобустар менен троллейбустарда киши көп экени айтылууда. Такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып тургундар нааразы болуп жатышат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кире акысын жогорулатпай койгону үчүн иш ташташты.
Бишкек: маршрутка айдоочулары иш таштабашы үчүн мэрия кандай аракет көрүүдө
Эскерте кетсек, 18-январь күнү 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.
Кечээ муниципалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Депутаттар 11-июлда кайра шайланмай болгондуктан азырынча борбор калаада эл өкүлдөрү жок.
Учурда Бишкекте абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.