Шаршембиге карата аба ырайы

2-июнга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Таласта +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +32…+37, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын өрөөнүндө +20…25 градус ысыйт.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Термометр борбордо +33…+35, Ош шаарында +35…+37 градусту көрсөтөт.