Адашып чакырышты окшойт... Депутат Момбековдун УКМКга келген видеосу

Эл өкүлү 2003-2009-жылдары Кумтөр боюнча эки мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгонун айтып, бирок анын чыгарган корутундусуна толук макул болбогонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков дагы УКМКга сурак бергени келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Эл өкүлү УКМКга чакырылганына таң калып жатканын айтты.
"Мени адашып чакырып алыштыбы деп жатам. Кумтөр боюнча мен бир дагы ишке аралашкан эмесмин. 2003-2009-жылдары аталган кен боюнча эки мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгом. Мүмкүн ошонун негизинде чакырып жатышкандыр. Күбө катары суроолорубуз бар деп айтышкан", — деди Момбеков.
Ал ошондой эле комиссиянын мүчөсү болуп турган кезде анын корутундусуна макул болбостон өзгөчө пикирин жазганын белгиледи.
Буга чейин УКМКга экс-депутат Максат Сабиров дагы Кумтөр маселеси боюнча суракка чакырылганы маалым болгон.