Нарында фитосанитардык лаборатория ачылды. Сүрөт

2015-2016-жылы жер маселеси чечилип, планга киргизилген. Курулуш ишине өкмөт тарабынан 14 миллион сом жумшалды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Нарында Өсүмдүктөрдү коргоо карантини боюнча фитосанитардык лаборатория ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 4
Нарында Өсүмдүктөрдү коргоо карантини боюнча фитосанитардык лаборатория ачылды
2 / 4
Аталган лабораторияда өсүмдүктөрдү экспортко чыгаруу үчүн тиешелүү стандартка ылайык сертификаттар бериле баштайт
3 / 4
Лабораторияны ачуу демилгеси Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп киргенден кийин көтөрүлгөн
4 / 4
2015-2016-жылы жер маселеси чечилип, планга киргизилген. Курулуш ишине өкмөт тарабынан 14 миллион сом жумшалганы маалым.
Аталган лабораторияда өсүмдүктөрдү экспортко чыгаруу үчүн тиешелүү стандартка ылайык сертификаттар бериле баштайт.
"Бул жерде өсүмдүктөргө тиешелүү беш анализ чыгарылат. Ошондой эле жердин сапатын аныктоо максатында топурактын анализи текшерилет. Буга чейин анализдер Бишкекке жиберилип турган", — деп айтылат маалыматта.
Лабораторияны ачуу демилгеси Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп киргенден кийин көтөрүлгөн. 2015-2016-жылы жер маселеси чечилип, планга киргизилген. Курулуш ишине өкмөт тарабынан 14 миллион сом жумшалганы маалым.