Пресс-борбор

Бакиров: менчиктештирилген айрым мүлктүн мамлекетке бир тыйын пайдасы жок

Мирлан Бакировдун айтымында, республика эгемендүүлүккө жеткенден бери менчиктештирилген кээ бир ишканалар туруп калып, уурдалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Учурда мамлекеттик мүлктүн кайсы бир бөлүгүнөн пайда деле жок. Анын ичинде Бакиевдин үй-бүлөсүнүн улутташтырылган активдери бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.
Ага эмне себептен мамлекет үчүн учурда менчиктештирүү маанилүү болуп жатканы боюнча суроо узатылды.
Бакировдун айтымында, республика эгемендүүлүккө жеткенден бери кээ бир ишканалар туруп калып, уурдалууда. Ал улутташтырылган мүлктөрдү мисал келтирди.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров
"Бакиевдин, Кадыржан Батыровдун жана башкалардын… Мүлктөр жылдап турат, салык төлөнүүдө. Бирок мамлекетке, ишканаларга же ишкерлерге бир дагы пайдасы жок", — деди Бакиров.
Ал ошондой эле келечеги бар объектилер болгону менен аларга акча салуу керектигин, бирок бюджеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп жатканын белгиледи.
Радио
Рыскулов: менчиктештирилген мекемелер профилин өзгөртпөйт
"Эксперттер мамлекет начар менеджер экенин айтып келишет. Мен бул пикирге кошулам... Өткөн жумада Ысык-Көл облусундагы эс алуу үйлөрү менен санаторийлерди көрүп келдим. Тилекке каршы, кээ бир мамлекеттик санаторийлер чыгымга учураса ошонун жанындагы эле менчик пансионаттар гүлдөп-өсүп жатат", — деди Бакиров.
Кадыржан Батыров Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун лидери болгон. Жогорку сот тарабынан сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал 2010-жылдын 10-июнунда этностор аралык кастык жараткан деп айыпталып издөө жарыяланган. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ал Швециядан баш паанек алган. 2018-жылы көз жумган.