Бакиров Мирлан Исакбекович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Мирлан Бакиров. Архив
Депутат Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирлан Бакиров 1975-жылы 11-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган. Билими жогору. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1996-1998 — Мамлекеттик салык инспекциясынны Жалал-Абад облусу боюнча акциздер бөлүмүнүн инспектору
  • 1998-1999 — "Корпорация "Жалал-Абад" АКнын башкы эсепчиси 
  • 1999-2003 — Жалал-Абад облустук каржы башкармалыгынын жетектөөчү адиси, бюджеттик бөлүмдүн башчысы 
  • 2003-2005 — "Марьям и Ко" ЖЧКнын директорунун орун басары
  • 2005-2010 — "Дан-Юг" ЖЧКнын директору 
  • октябрь, 2010 — "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча ЖК комитетинин мүчөсү.
  • октябрь, 2015 — "Өнүгүү — Прогресс" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
  • 2018 — Жогорку Кеңештин вице-спикери;
  • 2021-жыл 30-март — Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.

Мамлекеттик кызматтын 3-кластагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0