Пресс-борбор

Өлкө менчиктештирүүдөн канча киреше көрөт? Маммүлк башчысынын жообу

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасына мамлекеттик объектилердин менчиктештирилишинен түшө турган каражат тууралуу суроо берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Менчиктештирүүдөн быйыл бюджетке миллиард сомдон ашыгыраак каражат түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, кабыл алынган бюджетте менчиктештирүүдөн 500 миллион сом пайда көрүү каралган.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров
"Бирок биз дагы үч-төрт объектини карап жатабыз. Эгер бул ишке ашса, миллиард сомдон көбүрөөк акча түшүшү мүмкүн", — деди Бакиров.
Ал айтылып жаткан киреше быйылкы жылга гана тиешелүү экенин кошумчалады.