Пресс-борбор

"Айыл банк" жана дагы эки объектинин акциясын сыртка сатуу сунушталууда

Бакиров мамлекеттик компаниялардын акциясын сатуу сунушу кимден түшкөнүн жана акцияларды кайсы биржага коюу сунушталганын так айткан жок.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик объектилердин акциясын эл аралык биржага коюу варианты каралууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик активдерди баалоо ишин мамлекеттик органдар менен катар эле менчик ишканалар да жүргүзө алышат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров
"Аталган ишке эл аралык органдар да катыша алат. Бул стратегиялык объектилерге тиешелүү. Мисалы, MegaCom, "Айыл банк" жана "РСК" компанияларынын 10 пайыз акциясын IPO программасына (акционердик коомдун акцияларынын алгачкы ачык сатыгы — ред.) эл аралык биржага коюу сунушу киргизилип жатат. Албетте, статус башка, ошол себептен бул маселеге эл аралык баалоочу катышуусу керек", — деди Бакиров.
Бакиров сунуш кимден түшкөнүн жана акцияларды кайсы биржага коюу сунушталганын так айткан жок.
РСК жана "Айыл банк" — мамлекеттик банктар. "Альфа Телеком" компаниясы (MegaCom бренди, байланыш оператору) дагы мамлекетке карайт.