Улуттук банк: экономиканын калыбына келишинин алгачкы белгилери байкалууда

Дүйнөдө жана өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн калыбына келиши байкалууда. Бул акырындык менен өлкөнүн тышкы экономикасын кайра баштоого шарт түзөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын экономикасынын акырындап калыбына келишинин алгачкы белгилери байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстанда картошканын экспорту 1,5 эсеге өстү. Статистика
"Кыргызстандын экономикасынын акырындап калыбына келишинин алкагында алгачкы алгылыктуу белгилер байкалууда: 2021-жылдын январь-апрель айларында Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда реалдуу ИДӨнүн өсүшү 1,1 пайызды түзгөн", — деп жазылат маалыматта.
Евразия өнүктүрүү банкынын божомолуна ылайык, быйыл Кыргызстанда экспорттун көлөмү көбөйүшү мүмкүн.