Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 25 орундуу ортопедия бөлүмү ачылды

Балдардын ортопедия бөлүмү буга чейин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда гана бар болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ортопедия бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бөлүмдүн ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышкан
Ага ылайык, бөлүмдүн ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышкан.
"Буга чейин ортопедиялык оорулар менен жабыркаган бөбөктөр стационарда ириң ооруларына кабылган бейтаптар менен жатып дарыланчу. Бул бейтаптарга да, дарыгерлерге да ыңгайсыздык жаратчу. Жаңы ачылган балдар үчүн ортопедия бөлүмү 25 орунга ылайыкташкан", — деп айтылат маалыматта.
Балдар үчүн ортопедия бөлүмү буга чейин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда гана бар болчу.