Талкаланган мөңгү, эңшерилген кен. Кумтөрдүн азыркы көрүнүшү сүрөттөрдө

Sputnik

28-майда кыргыз өкмөтү жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барып, азыркы кырдаал менен тааныштырды.

Калдыкты ат чабым жерге ташыбай, мөңгүнү талкалашкан. Кумтөрдүн кейиштүү видеосу
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканасы "Кумтөр Голд Компани" 2014-жылга чейин бул талапты аткарбай, калдыктарды мөңгүнүн үстүнө таштай бергенин билдирди.

Кумтөр – алтындын запасы боюнча дүйнөдөгү ири алтын кендердин бири. Бул кенди канадалык компания 1995-жылы казып баштаган. Ушул кезге чейин Centerra Gold Inc. жалпысынан 11,5 миллиард доллар пайда көргөн, ал эми Кыргызстан болгону 1,5 млрд. доллар алган.

Май айынын башында Кыргызстандын соту канадалык компанияга экологияга тийгизген залакасы үчүн 261,7 миллиард сомдук айып салды. Ал арада компаниянын жетекчилери өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду.

1 / 14
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканасы "Кумтөр Голд Компани" 2014-жылга чейин коюлган талапты аткарбай, калдыктарды мөңгүнүн үстүнө таштай бергенин билдирди
2 / 14
Кен казуу учурунда алтын кошулмасы бар рудалар фабрикага жөнөтүлөт. Андан башка калдыктарды атайын белгиленген жерге ташып келип төгүшөт.
3 / 14
Карьер менен жараксыз калдыкты таштоочу жайдын аралыгы 6-10 чакырымды түзөт
4 / 14
План боюнча кенде күнүнө 585 миң тонна топурак казылат, анын ичинен 18 миң тоннага чукулу алтын кошулмасы бар руда
5 / 14
Башкы экологдун айтымында, Centerra 1995-жылдан баштап эле ушул жерге ташып келип төгүш керек эле. Бирок 10 чакырым жерге кеткен күйүүчү майды үнөмдөйбүз деп карьердин тегерегиндеги муздардын үстүнө төгүп, мөңгүнүн тилин жок кылган.
6 / 14
Кумтөрдүн уу калдыктарды сактоочу жайынын аянты 400 гектар. Алтын ылгап алгандан кийин чыккан уулуу заттарды ушул жерге алып келип төгүшөт. Бүгүнкү күндө сакталып турган уулуу калдыктын көлөмү 95 миллион куб метрге жетти.
7 / 14
Негизги карьердин азыркы көрүнүшү. Маңдайдан Лысый мөңгүсү көрүнүп турат.
8 / 14
Үстүдөгү мөңгүдөн түшкөн суу Петров көлүнө куят
9 / 14
Сууну насос менен тарттырып алып кеткен. Ал суу фабрикада алтын чайкоого жана чарбалык иштерге колдонулат.
10 / 14
Башкы эколог Centerra суу үчүн Кыргызстанга бир тыйын да төлөбөгөнүн, мындай практика дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок экенин айтат.
11 / 14
15-майда мурдагы жетекчилер мөңгүнүн жылып турганына көз салган системаны өчүрүп кеткен. Мындан улам геотехниктер радар жайгашкан жерге барып төрт күн бою кол менен көзөмөлдөп турушкан. Учурда мунун баары калыбына келтирилди.
12 / 14
Мегашоп деп аталган жайда бузулган техникаларды оңдоп чыгышат
13 / 14
Кумтөрдө Caterpillar үлгүсүндөгү самосвалдар иштейт, булардын кичирээги 130, чоңу 180 тоннага чейин жүк көтөрөт
14 / 14
Алтын казылган негизги карьерде 170 оор техника иштейт. Анын ичинен 14ү экскаватор, 116сы самосвал.