Өткөн суткада 174 кишиден коронавирус табылып, 5 адам көз жумду

Кечээтен бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандарга салыштырмалуу айыккандар көп катталган. Тилекке каршы, коронавирус Көлдөн бир адамдын, Бишкектен төрт бейтаптын өмүрүн алган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 174 кишиден коронавирус аныкталып, 244 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 104 729га жетти.
Айыккандар:
Жалпысынан 98 544 адам дартты жеңди.
Тилекке каршы, өткөн суткада Кыргызстанда беш адам коронавирустун курмандыгы болгон. Анын бирөө Ысык-Көл облусунда, төртөө Бишкекте көз жумган. Буларды кошкондо коронавирус жалпы 1 808 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта ооруканаларда 1 696 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 446сы оор абалда болсо, 94ү өтө оор абалда деп бааланды.