БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Организмден никотинди чыгарууга жардам берген азыктарды нарколог Вадим Зубецкий айтып бергенин "Известия" жазды.
Адис никотин организмдеги С витаминин азайтарын эскерткен. Брокколи анын ордун толуктап, зат алмашууну жакшыртып, өпкөнү уулануудан сактай алат. Ошондой эле С витаминин толуктоого апельсин да жардам берет.
Шпинат никотинди айдаган фолий кислотасына жана B9 витаминине бай. Ал эми чийки имбирь аз да болсо чылымга көз каранды кылбай, кандагы никотинди азайтат. Кандагы уулуу затты клюква да тез чыгарат.
Адис тамеки чеккендер лимон менен иммундук системасын чыңдаса болорун айтты. Андагы цитрус кислотасы жана С витамини зыяндуу кесепеттер менен күрөшөт. Ошондой эле сабиз А жана С витаминдерин толуктайт.
Дарыгер соңунда капуста организмден никотинди кетирүүгө жардам бере турган изотиоцианаттардын жана башка антиоксиданттардын табигый булагы экенин кошумчалады.