Ак-Сай айылы — Баткендин жүрөгү. Элеттиктердин Жапаровго койгон талаптары

Жергиликтүү тургундар чечилбеген социалдык көйгөйлөр арбын экенин айтып, бирок азыркы учурда эң башкысы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо экенин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундары мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда Ак-Сай Баткендин жүрөгү экенин айтып, өлкө башчыга бир катар талаптарды койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Жапаров Баткенге иш сапары менен барган.
1 / 3
Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундары мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда Ак-Сай Баткендин жүрөгү экенин айтып, өлкө башчыга бир катар талаптарды койду
2 / 3
Белгилей кетсек, Жапаров Баткенге иш сапары менен барган
3 / 3
Ак-Сай эли менен жолугушуу учурунда өлкө башчы тургундар менен аймакты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, аларды түйшөлткөн суроолорго жооп берген
Ак-Сай эли менен жолугушуу учурунда өлкө башчы тургундар менен аймакты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, аларды түйшөлткөн суроолорго жооп берген.
"Өлкө Баткен облусунун тургундарына мындан ары дагы жакындан көңүл бурат. Болгон күч-аракетимди чек ара коопсуздугун камсыз кылып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жумшайм. Жергиликтүү элдин турмуш-шартын жогорулатууну көздөп жатабыз. Мындан тышкары, мамлекет чек ара маселелерин чечүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Бул багытта чаралар көрүлдү, өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат", — деди Жапаров.
Жергиликтүү тургундар чечилбеген социалдык көйгөйлөр арбын экенин айтып, бирок азыркы учурда эң башкысы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо экенин белгилешкен.
Тажикстанды айланып өтөт. Жапаров Баткендеги жолдун курулушу менен таанышты
"Айыл эли биринчи кезекте социалдык объектилерди куруу, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, пенсия менен жөлөк пулдарды төлөө, жумуш орундарын түзүү, жерлерди трансформациялоо керектигин белгилешти. Алардын айтымында, ушул кезге чейин Баткен облусуна өзгөчө статус берүүгө эч ким кам көргөн эмес. Бул жергиликтүү эл үчүн абдан маанилүү. Анткени алар жакшы жашоо издеп эч жакка кеткиси келбейт. Жергиликтүү тургундар бир топ жеңилдиктерге муктаж экенин айтышты", — деп жазылат билдирүүдө.
Президент бийлик Баткен облусуна өзгөчө статус берүүгө ниеттенип жатканына да токтолгон.