Министрлик: КММА ректорун шайлоону эч ким жокко чыгарган жок

Буга чейин КММАнын жетекчисин тандоо боюнча иш алып барган уюштуруу комитети Билим берүү жана илим министрлигинин алардын ишин токтотуу боюнча чыгарган буйругун аткаруудан баш тарткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректорун шайлоо өтпөй койбойт, болгону убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Министрликтин буйругу менен КММАнын жетекчисин тандоо боюнча иш алып барган уюштуруу комитетинин иши 28-майдан тарта убактылуу токтотулган.
"Ректорду шайлоо боюнча министрлик менен уюштуруу комитетинин ички документтери учурда каралып жатат", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо жокко чыгарылганына каршы болгон жарандар митингге чыккан.
Окуу жайдын имаратынын алдына 200дөй адам топтолуп, алар 29-майга белгиленген ректорду шайлоону убагында өткөрүүнү талап кылып, петиция үчүн кол топтошкон.