Медициналык академиянын ректорун шайлоо убактылуу токтотулду

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун буйругунда ЖОЖдун ректорун шайлоо боюнча жобонун тартиби "сакталбагандыгы" айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо убактылуу токтотулду. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Оорукананы айланып жүрүп эле көз жумганын интернеттен билдик. Каныбек Исаковдун бүлөсү
Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун буйругунда ЖОЖдун ректорун шайлоо боюнча жобонун тартиби "сакталбагандыгы" айтылган.
Маалыматта аталган буйрукту көзөмөлдөөнү Шадыханов өзүнө калтырганы айтылат.