БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы, эрдиги үчүн, ошондой эле Кыргызстандын чек арачылар күнүн жана Куралдуу күчтөрүнүн күнүн майрамдоого байланыштуу аскерлерге мамлекеттик сыйлык ыйгарган жарлыкка кол койду. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Даталуу күнү жоокерлер Эрдик, Даңк медалдары менен сыйланып, Ардак грамота 58 аскер кызматкерине ыйгарылды.
Мамлекеттик сыйлыкка катардагы жоокерлер, прапорщиктер, кенже сержанттар, улук лейтенанттар, ефрейторлор, майорлор, капитандар, полковниктер татыды.
21 аскер кызматкери Эрдик медалын, 5 аскер кызматкери Даңк медалын тагына турган болсо, 32 аскер кызматкерине Ардак грамота ыйгарылган.
Алар - ИИМдин, Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенгендер.
Төмөндө сыйлык алган аскер кызматкерлеринин тизмеси:
Эрдик медалы менен: