КММАнын жанында 200гө жакын киши митинг өткөрүп жатат. Сүрөт

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү КММАга ректордун шайлоосун токтотуу мыйзамсыз экенин айтып, петиция үчүн кол топтоп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо жокко чыгарылганына каршы болгон жарандар митинг өткөрүп жатышат.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо жокко чыгарылганына каршы болгон жарандар митинг өткөрүп жатышат
Окуу жайдын имаратынын алдына 200дөй адам топтолду. Алар Билим берүү жана илим министрлигинен 29-майга белгиленген ректорду шайлоону убагында өткөрүүнү талап кылып, петиция үчүн кол топтоп жатышат. Топтолгондордун көбү учурдагы ректорду колдошууда.
Топтолгондордун көбү учурдагы ректорду колдошууда
Буга чейин ректордун шайлоосун уюштуруу комитетинин ишин убактылуу токтотуу боюнча министрликтин буйругу чыккан. Ага ылайык, шайлоого даярдык көрүү учурунда КРдин Эмгек кодексинин талаптары жана өкмөттүн шайлоо жөнүндөгү жобосу сакталган эмес. 
Ал эми уюштуруу комитетинин өкүлдөрү шайлоо билим берүү министринин 30-апрелдеги буйругунун негизинде өткөрүлмөй болгонун айтышты. 
"Учурда министрдин буйругу жокко чыгарылган жок. Андыктан юридикалык күчкө ээ. Уюштуруу комитети статс-катчынын буйругун кабыл ала албайт", — дешти алар.
Документке уюштуруу комитетинин сегиз мүчөсү кол койду.