БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов мандатын тапшырууну чечти.
БШК берген маалыматка караганда, Пирматовдун мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси бүгүн саат 17:00дө өтө турган жыйында каралат.
"Бир Бол" партиясынын тизмеси боюнча кийинки сапта мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев турат.
Белгилей кетсек, Мурашев министр болуп турган кезде ага карата бир топ сын айтылган. 2018-жылы дыйкандар картошкасын беш сомго дагы сата албай калганда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков аны зекиген. Министрлик картошканын баасы көтөрүлөт дегени менен олуттуу жылыш болгон эмес. 2019-жылдын башында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы министрдин иш бөлмөсүнө чириген картошканы алып барып, эмне үчүн бул жашылчанын баасы көтөрүлбөй жатканын сураган. Кийинчерээк Мухаммедкалый Абылгазиев министрге "мындан ары чириген картошка кабинетке келбесин" деген талап коюп, эскертүү берген.
Бизнес жана базарлар ассоциациясы Мурашевге "Кара көлөч" антисыйлыгын ыйгарган. Ага мындай сыйлыкты тапшырууга Кыргызстандагы ишкерлер арасында сурамжылоонун жыйынтыгы жана буга 2018-жылы картошка экспорттолбой, баасы арзандап кетиши негиз болгон.