БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Коргоо министрлигинде жана Чек ара кызматында иштеген 216 үй-бүлөгө батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Эске сала кетсек, тогуз кабаттуу үч корпустан турган турак жай Коргоо министрлигинин каражатына курулган. Анын 56сы чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине ыйгарылды.
Эске сала кетсек, тогуз кабаттуу үч корпустан турган турак жай Коргоо министрлигинин каражатына курулган
© Фото / Зульфия Тургунова
Батирлерди аталган тармакта 20 жылдан ашуун кызмат кылгандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жолдошу кызмат учурунда каза тапкан жана кызмат учурунда майып болгондор алды.
Анын 56сы чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине ыйгарылды
© Фото / Зульфия Тургунова
Жапаров Баткен облусуна эки күндүк иш сапар менен 27-майда келген. Ал Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин кыргыз-тажик чек арасындагы өрттөлгөн айылдардын жашоочулары менен жолуккан. 28-майда түштөн кийин сапар Ош облусунда уланган.