БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти көрүп, турак жай имараттарынын жана билим берүү объектилеринин курулушу, 100 орунга эсептелген эки кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.
Президент жергиликтүү тургундар менен жолугушууда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди.
Жапаров бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз жана колдоосуз калбай турганын белгиледи.
Баарлашуу учурунда жергиликтүү тургундар өткөн окуяларда жабыркагандарга колдоо көрсөтүү, ошондой эле жеке мүнөздөгү бир катар маселелерди көтөрүштү. Алар мамлекетке жана өлкөнүн ар тарабынан гуманитардык жардам жөнөткөн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиришти.
Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жолугушууда айтылган маселелерди чечүү үчүн бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле бардык объектилерди мерчемделген убакытта калыбына келтирип, куруп бүткөрүүнү талап кылды.