Кыргызстандыктарга жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт бериле баштады

Март айында Марипов биометрикалык паспорт өз мөөнөтүндө даярдалбаганы үчүн Мамкаттоонун төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берип, орун басары Тилек Батыркановду жумуштан алган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бүгүн, 27-майда, Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылкы үлгүдөгү биометрикалык жалпы жарандык паспортторду кыргызстандыктарга бере баштаганын кабарлады.
1 / 3
Бүгүн, 27-майда, Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылкы үлгүдөгү биометрикалык жалпы жарандык паспортторду кыргызстандыктарга бере баштаганын кабарлады
2 / 3
Документтин алгачкы нускаларын салтанаттуу тапшыруу аземи №4 калкты тейлөө борборунда өттү
3 / 3
"Азиянын үч жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Айжан Съездбекова жана балдар арасындагы эки жолку чемпион Эмир Шаршенбеков жаңы биометрикалык паспорттун алгачкы ээлери болушту", — деп айтылат маалыматта.
Документтин алгачкы нускаларын салтанаттуу тапшыруу аземи №4 калкты тейлөө борборунда өттү.
"Азиянын үч жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Айжан Съездбекова жана балдар арасындагы эки жолку чемпион Эмир Шаршенбеков жаңы биометрикалык паспорттун алгачкы ээлери болушту", — деп айтылат маалыматта.
Балага биометрикалык жалпы жарандык паспортту кантип алса болот. Шарттары
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар жалпы жарандык паспорт ала албай үч айдан ашык убара тарткан. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду бермек болуп, бирок алар өз убагында даяр болгон эмес. Ал эми эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду чыгарууну токтотуп коюшкан. Мунун кесепетинен чет өлкөгө чыгуучу паспорттун тартыштыгы жаралган.
Март айында өкмөт башчы Улукбек Марипов биометрикалык паспорт өз мөөнөтүндө даярдалбаганы үчүн Мамкаттоонун төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берип, аталган ишке жооптуу орун басары Тилек Батыркановду жумуштан алган. 21-майда мекеменин жетекчиси алмашкан.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жарандарды тушап койгон паспорт кризиси эмнеден келип чыкканын иликтеген болчу.