БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ичеги-карын жакшы иштеп туруш үчүн организмге жетиштүү көлөмдө клетчатка керек. Бул тууралуу онколог жана проктолог Елена Смирнованын айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
Адис адам күнүнө 28-30 грамм клетчатка жеши керектигин белгилеген.
"Бул болжол менен бир күндө 400-500 грамм жашылча-жемиш. Ошондуктан бир тарелка салат азыраак болуп калат", — деди онколог.
Клетчатка жемиштердин ичинен кургатылган өрүктө (100 граммга 18 грамм), кургатылган алмада (14,9 грамм), кара өрүктө (9 грамм), авокадодо (6,8 грамм), курмада (алты грамм) көп болот. Ал эми жашылчалардын ичинен брокколиде (3 грамм), баклажан жана кызылчада (2,5 граммдан) мол болору айтылды.
"Ак нандан көрө даны өтө майдаланбаган нан, акшактын түрүн жеген жакшы. Салаттарга жаңгак, буурчакты кошуп жеген ден соолукка алда канча пайда алып келет", — деди Смирнова.
Адис клетчатканы тамактануу рационуна акырындык менен киргизүү керектигин белгилеген. Антпесе ал ичти көптүрүшү ыктымал. Мындан сырткары, кадимки эле таза сууну (күнүнө 6-8 стакан) көбүрөөк ичүү да сунушталган.