Министр: жакында Кыргызстанга 80 миң доза "Спутник V" келет

Кыргызстанга апрель менен майда 40 миң доза вакцина келген. Саламаттык сактоо министри КР менен РФ президенттери препаратты дагы алып келүү туурасында сүйлөшкөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жакында Кыргызстанга дагы 80 миң россиялык "Спутник V" вакцинасы келери күтүлүп жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путин Сочи шаарында Кыргызстанга вакцина берүү туурасында маселени талкуулаган.
"Владимир Владимирович өкмөткө сүйлөшүүлөрдү баштап жана аны жөнөтүү боюнча тапшырма берди. Бизге вакцина эки жол менен — бири акчага, экинчиси гуманитардык жардам (500 миң доза) катары келет. Эки маселе тең чечилген. Сатып ала турган вакцинаны Жогорку Кеңеш аркылуу чечип алышыбыз керек. Жакынкы аралыкта дагы 80 миң дозанын жеткирилиши күтүлүүдө", — деген министр.
Кыргызстанга буга чейин эки транш менен апрель, май айларында россиялык адистер жасаган 40 миң доза вакцина келип, саны чектелүү болгондуктан өнөкөт оорусу барлар менен улгайгандарга саюуну чечишкен.