Чырайлуу, атактуу Наоми Кэмпбелл 51 жашта. Кызыктуу сүрөттөр

Sputnik

Наоми Кэмпбелл 22-майда туулган күнүн белгилеп, андан бир нече күн мурда биринчи ирет эне болду.

Кэмпбелл Стретемде (Түштүк Лондон) бийчинин үй-бүлөсүндө туулган. Британиялык супермодель, киноактриса жана ырчынын теги африка-ямайкалык жана кытай-ямайкалык тукумга барып такалат. Жети жашында Боб Марлинин клибине тартылса, 15ке чыкканда ага Париждеги моделдик агенттиктин көзү түшүп, андан көп өтпөй кыз алгачкы ирет подиумга чыккан. Кийинчерээк ал Vogue жана Time журналдарынын кара түстүү алгачкы модели болгон.

Израилдик модель дүйнөдөгү ажарлуу айым деп табылды. Сүрөт
1980-жылдардын соңунда Наоми Кэмпбелл, Кристи Тарлингтон жана Линда Евангелиста моделдердин "Тринити" деп аталган тобун түзүп, кымбатка бааланган жана элге таанымал моделдерден болушкан. Керилген келбети жана басыгынан улам Наоми Кэмпбеллди кара кабылан (Black Panther) деп аташкан. Ал эң атактуу жана келечектүү делген Versace, Roberto Cavalli, Dolce & Gabbana, Gucci, Fendi жана дагы бир катар мода үйлөрү менен кызматташкан.

Кэмпбелл өзү менен иштешкен кызматкерлери — ассистенттери, айдоочулары менен урушуп, аларга ыдык көрсөткөн үчүн бир нече ирет жоопкерчиликке тартылган.

1 / 17
Валери Кэмпбелл. Бул аял топ-модель Наоми Кэмпбеллдин энеси. Ал римдик эгиздер Ромул жана Реманы кармап турат. Сүрөт 1996-жылы Гай Маттиоло коллекцияларын көрсөтүп жаткан учурда тартылган
2 / 17
Наоми модельерлер Гордон Хендерсон жана Жеффри Бэнкс менен. Сүрөт 1989-жылы Нью-Йорктогу Hilton отелиндеги мода көргөзмөсүндө тартылган
3 / 17
Кэмпбелл россиялык дизайнер Игорь Чапуриндин колунан чыккан костюмду кийип турат
4 / 17
Наоми Кэмпбелл жана дизайнер Тито Бесса Рио-де-Жанейродогу (Бразилия) заманбап искусство музейиндеги көргөзмөдө
5 / 17
Карла Бруни, Клаудия Шиффер, Наоми Кэмпбелл, Синди Кроуфорд жана Хелена Кристенсен Versace коллекциясын алып чыккан учур, 2017-жыл
6 / 17
Наоми Ferrari командасынын менеджери Лука Монтеземоло менен. "Формула-1" Гран-приси, 2000-жыл
7 / 17
Кэмпбелл 1999-жылы Matthew Williamson' s көргөзмөсүндө, көшөгө артында
8 / 17
Супермодель Рио-де-Жанейродогу "Портела" деп аталган самба мектебинин парадында, 2005-жыл
9 / 17
Түштүк Африка Республикасынын президенти Нельсон Мандела жана Наоми Кэмпбелл Кейптаунда, 1998-жыл
10 / 17
Керилген келбети жана басыгынан улам Наоми Кэмпбеллди кара кабылан (Black Panther) деп аташкан
11 / 17
Австралиялык актриса Николь Кидман жана британиялык модель Наоми Кэмпбелл Канндагы кинофестивалда, 2017-жыл
12 / 17
Кэмпбелл Миландагы (Италия) Fendi коллекциясынын көргөзмөсүндө, 1997-жыл
13 / 17
Наоми Кэмпбелл башка моделдер менен Нью-Йорктогу Мэдисон-авенюдагы Dolce & Gabbana дүкөнүндө өз карьерасынын 25 жылдыгын белгилеп жаткан учуру, 2010-жыл
14 / 17
Кэмпбелл Кызыл мурун күнү Эмпайр-Стейт-Билдинг имаратын кучактап жаткан учуру, 2016-жыл
15 / 17
Супермодель Соуэто шаарындагы (Түштүк Африка Республикасы) балдардын онкологиялык Барагванат деп аталган ооруканасындагы бөлүмдөрдүн биринде, 1997-жыл
16 / 17
Кэмпбелл Нью-Йорк шаарындагы Victoria's Secret көргөзмөсүндө, 2005-жыл
17 / 17
Наоми Кэмпбелл Париждеги жогорку мода жумалыгында, 2021-жыл