БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн балдар адабияты сыйлыгынын лауреаттарына сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.
Марипов жазуучулардын кыргыз балдар адабиятынын өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи.
"Сиздер балдардын китеп окууга жана жаңы илим-билимге карай умтулуусун калыптандырууга зор таасир берип жатасыздар. Кызыктуу, мазмуну терең чыгармаларыңыздар менен адабиятыбыз байып жатат. Министрлер кабинети балдар адабиятынын жазуучуларынын эмгегин жогору баалайт жана кыргыз адабиятын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Сиздерге мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубатчылыкты каалайбыз", — деди Марипов.
Өкмөттүн кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын үч лауреаты 50 миң сомдон сыйлык алды: