Эс алуудагы сүрөттөрдү социалдык тармакка дароо жүктөбөгүлө. Адис себебин айтты

Интернеттеги коопсуздук боюнча адис өзү, үй-бүлөсү тууралуу социалдык тармактарда көп маалымат жайгаштыргандарды анын жакындары, достору гана кире алчу жабык аккаунттарды колдонууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Эс алуу учурунда тартылган сүрөттөрдү социалдык тармактарга үйгө кайтып келгенден кийин гана жүктөгөн туура. Бул тууралуу "Турпром" саякат порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Мындан тышкары, адис саякатта жүргөн адамдарга геолокацияны (жайгашкан жерди аныктоо) белгилеш керектигин эскертет.
"Адатта уурулар олжону социалдык тармактардан издешет. Ким кайда жашайт, кандай баалуу мүлкү бар экенин кишилер өздөрү эле интернет аркылуу айтып берип коюшат. Ал эми үйүнөн алыс жерде жүргөнүн айтып, анысын далилдөө үчүн сүрөт илип, геолокациясын белгилегендер "менин үйүмө ууруга кире берсеңер болот" деп жар салганга тете. Андыктан көл жээгиндеги же тоо койнундагы сүрөттөрүңүз менен мактангыңыз келсе, үйгө жеткиче күтө туруңуз", — деген адис.
Ошондой эле адис өзү, үй-бүлөсү тууралуу социалдык тармактарда көп маалымат жайгаштыргандарды анын жакын адамдары гана кире алчу жабык аккаунттарды колдонууга чакырат.