Экс-мэр Азиз Суракматов УКМКга суракка чакырылды

Азырынча ордо калаанын мурдагы башчысы кайсы иш боюнча суракка чакырылганы белгисиз. Суракматов бул кызматтан 2020-жылдын октябрь айында кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов УКМКнын шаардык башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Маалым болгондой, ал суракка саат 16:00дө кирген. Азырынча ал кайсы иш боюнча чакырылганы белгисиз.
Бабановго козголгон кылмыш иштер токтотулду
УКМКнын маалымат кызматынан бул боюнча кабар алууга мүмкүн болгон жок.
Суракматов шаардык мэрияны 2018-жылдан 2020-жылдын октябрь айына чейин башкарган. Экс-мэр башында турган "Кыргызстан элдик демократиялык партиясы" (НДПК) шайлоодо Бишкек шаардык кеңешинин түзүмүнө өткөн. Бирок алар добуш сатып алууга айыпталып, шайлоо жарышынан четтетилген.