Балага биометрикалык жалпы жарандык паспортту кантип алса болот. Шарттары

2019-жылдын июль айынан бери чет өлкөгө чыкчу ар бир балага жалпы жарандык паспорт алуу зарыл болуп калган. Мурда бул документтин ордуна туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркеме кагаз гана берилчү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы 16 жашка чейинки балдарга биометрикалык жалпы жарандык паспорт кантип берилерин түшүндүрдү.
Эске салсак, 2019-жылдын июль айынан бери Кыргызстанда чет өлкөгө чыкчу ар бир балага ата-энеси жалпы жарандык паспорт алып барүүгө милдеттендирилген. Мурда бул документтин ордуна туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркеме кагаз гана берилчү. Негизгиси баланын Кыргызстандын жараны экенин далилдөө керек болчу.
Жаңы паспорт үч жылга жарактуу деп эсептелет. Аны 10 күндүн ичинде 885 сомго даярдап беришет.
Кандай документтерди даярдоо керек:
Радио
Джапаров: жаңы үлгүдөгү паспортко арыздар кабыл алына баштады
2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык поспорт алыш үчүн арыз берүүчү автоматташкан маалыматтык системасына дарегин же консулдук каттоосу жөнүндө маалымат тиркеши керек, болбосо паспортто консулдук каттоого турганын тастыктаган мөөрдүн болушу кажет.
Эске салсак, Кыргызстанда биометрикалык жалпы жарандык паспорт алуу үчүн жарандардын документтери 3-майдан тарта кабыл алына баштаган.