Апта ирмеми: Казандагы аппак кенгурудан Каир аэропортундагы мумияга чейин

Sputnik

АКШнын Топанга мамлекеттик паркында өрт чыкты.

Бишкекте ысык суу өчүрүлүп, Жылуулук электр борборунда келерки жылуулук сезонуна даярдыктын алкагында оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бишкекте ысык суу өчүрүлгөндөн кийин ЖЭБдеги көрүнүштөн 10 ирмем
Газа секторунун тургундары атышуулар токтогонун майрамдады. Израилдин министрлер кабинети Египеттин демилгесин кабыл алып, эч бир шарты жок жаңжалды токтотууга макулдашты. Атышууга бөгөт коюу режими 21-майда саат 02:00дө күчүнө кирди.

Франциянын Париж шаарындагы Трокадеро аянтында JR аттуу көчө сүрөтчүсү жана фотографтын эмгектери коюлду. Анын сүрөттөрүнөн Эйфель мунарасы асканын боорунда тургандай көрүнөт.

Мумбайда (Индия) катуу куюн болуп, 20дан ашуун адамдын өмүрүн алды.

 

1 / 17
17-майда Бишкекте ысык суу өчүрүлдү. Жылуулук электр борборунда келерки жылуулук сезонуна даярдыктын алкагында оңдоо иштери жүрөт.
2 / 17
Лос-Анджелестин (АКШ) түндүк-батышындагы Топанга мамлекеттик паркы өрттөнүп, андан уюлгуган түтүндү сүрөткө тартып жаткан жигит
3 / 17
Казандын "Регина" мейманкана комплексинин зоопаркында аппак кенгуру туулду. Мындай жаныбарлар чанда кездешет, 50-100 миңдин арасынан бирөө чыгышы мүмкүн. Аппак кенгуруга Алиса деген ат коюшкан.
4 / 17
Франциянын Париж шаарындагы Трокадеро аянтында JR аттуу көчө сүрөтчүсү жана фотографтын эмгектери коюлду. Анын сүрөттөрүнөн Эйфель мунарасы асканын боорунда тургандай көрүнөт.
5 / 17
Израилдин авиасоккуларынан талкаланган Газадагы үйлөрдүн жанында турган мышык. Израиль менен Газа секторунун ортосундагы жаңжал 10-майда тутанган. Атышуунун кесепетинен 200дөн көп адам каза болду, миңден ашууну жаракат алды.
6 / 17
Газа секторунун тургундары атышуулар токтогонун майрамдады. Израилдин министрлер кабинети Египеттин демилгесин кабыл алып, эч бир шарты жок жаңжалды токтотууга макулдашты. Атышууга бөгөт коюу режими 21-майда саат 02:00дө күчүнө кирди.
7 / 17
Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдагы жаңы атомдук электр станциясын ишке киргизүү жараянына видеобайланыш аркылуу катышты
8 / 17
Мумбайда (Индия) катуу куюн болуп, 20дан ашуун адамдын өмүрүн алды
9 / 17
Париждеги "Мулен Руж" бийчилер тобу
10 / 17
Франциянын Сен-Мартен-ля-Плэн аймагындагы зоопарктын негиздөөчүсү Пьер Тивийон шимпанзени өөп жаткан учуру
11 / 17
Каир (Египет) эл аралык аэропортундагы жаңы музейге коюлган мумиялардын бири
12 / 17
Колумбияда Copa America футболдук турнирин өткөрүүгө чыккан акциянын катышуучулары. Өлкө жаңы тарыхындагы эң жаман саясий жана жарандык кризисти баштан кечирүүдө.
13 / 17
Николай Лесковдун "Левша" повести боюнча коюлган спектаклде Мариинск театрынын прима-балеринасы Диана Вишнева Блоханын, актер Евгений Стычкин Левшанын ролун аткарды.
14 / 17
Москва облусундагы "Асман: теория жана практика" чакан аваиация фестивалындагы "Первый полет" учкучтар тобунун Як-52 самолеттору
15 / 17
Грециялык ырчы Стефания Роттердамдын (Нидерланддар) Ahoy аренасында өткөн "Евровидение–2021" конкурсунун финалында
16 / 17
Италиянын Maneskin тобу Zitti e buoni атуу ыры менен "Евровидение – 2021" конкурсун 524 упай менен жеңип алды. Экинчи орунду Франция, үчүнчүнү Швейцария алды. Жалпысынан 25 өлкөнүн ырчылары катышкан.
17 / 17
Грециянын Лутраки шаарынын жака-белиндеги Схинос районундагы токой өрттөндү