Путин Жапаров менен жолугуп, кыргыз-тажик чек ара маселесин сүйлөштү. Видео

Россия лидери Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйдү чечүүнүн узак мөөнөттүү ыкмасын табуу керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Сочи шаарында президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен жолукту.
Анын видеосун Пул3 телеграм каналы жарыялады.
РИАнын берген маалыматына караганда, эки президент кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал туурасында сүйлөшкөн.
"Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көңүл буруп, көз салып турдук. Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн болгон күч-аракетин жумшайт", — деген Путин.
Россия лидери Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйдү чечүүнүн узак мөөнөттүү ыкмасын табуу керектигин айткан.
Жапаров чек арадагы түзүлгөн кырдаалга тынчсызданганы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди.
"Кыргызстан элине көрсөтүлгөн колдоону баса белгилеп кетким келет. Россия — биздин башкы союздаш жана соода-экономикалык өнөктөш", — деди КР президенти.
Буга чейин аталган сапарда мамлекет башчыларынын Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү тууралуу сүйлөшүп, регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулай турганы кабарланган.