Кышка даярдык башталды. Бишкек менен Чүйдө электр чубалгылары оңдолот. Сүрөт

Мурдагы фарфор обочолоткучтарды айнекке алмаштыруу пландалып жатат. Айнектин бышык жана температуранын кескин өзгөрүшүнө туруштук берери айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр чубалгыларынын 10 миңден ашык обочолоткучу (изолятор) алмаштырылат. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр чубалгыларынын 10 миңден ашык обочолоткучу (изолятор) алмаштырылат
2 / 5
Билдирүүгө караганда, обочолоткучтар электр чубалгысынын ажырагыс элементи болуп саналат
3 / 5
Алар зымдын тирөөчтөргө бекиген жерлерин сактап, чубалгыны туташып калуудан коргойт
4 / 5
Мурдагы фарфор обочолоткучтарды айнекке алмаштыруу пландалып жатат
5 / 5
Обочолоткучтарды алмаштыруу боюнча иштер биринчи кезекте керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга багытталган.
Билдирүүгө караганда, обочолоткучтар электр чубалгысынын ажырагыс элементи болуп саналат. Алар зымдын тирөөчтөргө бекиген жерлерин сактап, чубалгыны туташып калуудан коргойт.
Мурдагы фарфор обочолоткучтарды айнекке алмаштыруу пландалып жатат.
"Айнек бышык келип, температуранын кескин өзгөрүшүнө туруштук берет. Электр чубалгыларынын эски фарфор обочолоткучтары 1958-жылы, ал эми эң эле жаңылары 1980-жылы чыккан. Иштөө мөөнөтү 7-8 жылды түзгөндүктөн, алардын эксплуатациялык мөөнөтү мурда эле өткөн", — деди мекеменин Чүй филиалынын башкы инженери Улан Жумалиев.
Анын айтымында, обочолоткучтарды алмаштыруу боюнча иштер биринчи кезекте керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга багытталган.