Ысык сууга түшүүнүн кооптуу жагы айтылды

Адистер ысык суу терини, айрыкча эпидермисте жайгашкан кератин клеткаларын жабыркатышы мүмкүн экенин белгилешет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Ысык душка көп убакытка чейин түшүү адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Бул тууралуу Express басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Ысык суу терини жабыркатышы мүмкүн экенин дарыгерлер белгилеп, айрыкча эпидермисте жайгашкан кератин клеткалары жабыркарын эскерткен.
Мындан сырткары, ысык сууда көпкө туруу терини кургатат жана тери ооруларын, анын ичинде экземаны козгойт.
Ысыкта канча суу ичүү керек жана кайсы суусундук зыян. Кеп-кеңеш
Адистер он мүнөттөн ашык эмес убакытта орточо температурадагы душка түшүүнү сунушташат. Ошондой эле эксперттер катуу аарчынып, терини сыйрып албоону да эске салган.
Сууга түшкөндөн соң териге пайдалуу кремдерди сүйкөө зарыл.
Буга чейин россиялык дерматолог-дарыгер Екатерина Вертиева теринин кургап кетиши кандай кесепеттерге алып келерин айткан. Анын белгилешинче, экзема жана атопиялык дерматит сыяктуу ооруларга чалдыгуу коркунучу бар. Алар бейтаптар үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн, анткени денедеги ысыктар катуу кычышуу менен коштолот, бул уйкусуздукка жана депрессия менен невроздун өрчүшүнө алып келет.