Кадамжайга барган Марипов дыйкандарга суунун кандай жетип жатканына кызыкты. Сүрөт

Марипов Баткен облусуна ыйгарыла турган өзгөчө статус чектеш айылдарды ыкчам темпте өнүктүрөт деген убадасын берген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен Баткен облусуна барып, Кадамжай шаарынын эли менен жолугуп, көйгөйлүү бир нече маселелерди сүйлөшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен Баткен облусуна барып, Кадамжай шаарынын эли менен жолугуп, көйгөйлүү бир нече маселелерди сүйлөшкөн
2 / 3
Анда Марипов алгач Кадамжай шаарында убактылуу иш алып барып жаткан калкты тейлөө борборунун иши менен таанышкан
3 / 3
Марипов жакында Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам долбоору киргизилерин айтып, ал чектеш айылдардын ыкчам темпте өнүгүүсүнө жардам берет деген убадасын берген
Анда Марипов алгач Кадамжай шаарында убактылуу иш алып барып жаткан калкты тейлөө борборунун иши менен таанышкан.
"Жолдор, каналдар, мектептер жана бала бакчалар курулуп жатат. Ошол эле учурда калктын башка муктаждыктарын да эстен чыгарбайбыз. Баткен облусунун Баткен шаарында гана жалгыз калкты тейлөө борбору иш алып барчу. Аймактын тургундары үчүн тейлөө борборунун иши маанилүү экендигин эске алуу менен Кадамжай, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында аталган борборлорду ачуу чечими кабыл алынды. Бүгүнтөн баштап Кадамжай районунун тургундарына өз аймагында тейлөө көрсөтүлөт", — деген ал.
Төрт банк чек арада жабыркаган тургундардын насыясын кечип, акчалай жардам берди
Марипов жакында Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам долбоору киргизилерин айтып, ал чектеш айылдардын ыкчам темпте өнүгүүсүнө жардам берет деген убадасын берген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кадамжай шаарындагы Нургазиев атындагы каналга барып, жээгиндеги бетон тосмолордун курулуш долбоору менен таанышкан.
Марипов дыйкандарга сугат суу жеткиликтүү болуш үчүн ишти тез арада баштоо зарылдыгын айткан.