БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловго карата ачылган сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 16-май күнү депутаттын уулу Азамат Өмүркуловдун Бишкектеги Токтоналиев менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинен велосипедчен кызды сүзүп кеткени маалым болгон. Жабыркаган тараптын баш мээси чайкалып, Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Бирок ал ооруканага жатуудан баш тарткан.
Ал эми айдоочунун жол кырсык катталган учурда мас абалында болгону аныкталган.
"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, М.Ж. аттуу кыз жол кырсыктан жеңил жаракат алган. Ал кат түрүндө Азамат Өмүркуловго карата эч кандай доосу жок экенин билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши Жазык-процессуалдык кодексинин 26-беренесине ("Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар") ылайык токтотулганы айтылды. Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн Өмүркуловго Бузуулар кодексинин 122-123-беренелери боюнча 22 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Белгилей кетсек, депутаттын уулу буга чейин да жол кырсыгына себепчи болгон. Анда 2011-жылдын август айында Бишкектин чыга беришиндеги айланма жолдо (Дунларов көпүрөсү) кырсык болуп, үч киши көз жумган. Трагедияга ошол учурда шаар мэри болуп турган Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Өмүркулов күнөөлүү деп табылган. ЖМКлардын жазганы боюнча, ал катуу ылдамдык менен баратып каршы тилкеге чыгып кеткен. Ошол эле жылы ноябрь айында жабырлануучу тарап арызынан баш тартканы үчүн иш токтогон. Бирок Азамат Өмүркулов жазасын алышы керектигин айтып, өзү арыз жазган. Сот отуруму бир нече жолу жылдырылган болчу. Ошентип сот Азамат Өмүркуловду шарттуу түрдө жети жылга эркинен ажыраткан.