Бишкекте ысык суу өчүрүлгөндөн кийин ЖЭБдеги көрүнүштөн 10 ирмем

Sputnik

"Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжан Айдаралиева ЖЭБде жылытуучу шаймандар капиталдык оңдоодон өтүп жаткандыгын айтты. Июнь айына чейин куурдагы жана блоктордогу клапандар, түз жана кайра келүүчү түтүктөрдөгү дренаждар, аккумулятор бактарын бошотуу жана толтуруу үчүн жөнгө салгычтар оңдолот. 10 миң куб чарчы метрлик көлөмдүү бактар да бир сыйра текшерүүдөн өтөт. Мындан тышкары, коммерциялык эсепти өлчөөчү шаймандар "Кыргызстандартка" текшерүү үчүн жөнөтүлүп, керектөөчүлөргө ысык сууну июнь айынан кечиктирбестен жеткирүү үчүн көптөгөн дагы башка иштер жүргүзүлөт. Бардык жумуштар аяктагандан кийин адистер жылытуучу шаймандардын түтүктөрүн жана арматураларын гидравликалык сыноодон өткөрүшөт.

Буга чейин "Бишкек жылуулук тармагы" баш калаанын жашоочуларына авариялык кырдаалдардын алдын алуу үчүн жылытуучу шаймандарына профилактикалык оңдоолорду жүргүзүүнү сунуштады.

1 / 10
Бишкекте келерки жылытуу сезонуна карата даярдыктын алкагында ысык суу өчүрүлдү
2 / 10
ЖЭБдеги жылытуучу жабдуулар капиталдык оңдоодон өткөрүлөт
3 / 10
Июнь айына чейин куурдагы жана блоктордогу клапандар, түз жана кайра келүүчү түтүктөрдөгү дренаждар, аккумулятор бактарын бошотуу жана толтуруу үчүн жөнгө салгычтар оңдолот
4 / 10
10 миң куб чарчы метрлик көлөмдүү бактар да текшерилет
5 / 10
Коммерциялык эсепти өлчөөчү шаймандар "Кыргызстандартка" текшерүү үчүн тапшырылат
6 / 10
Бишкектиктерге ысык сууну июнь айынан кечиктирбестен жеткирүү үчүн көптөгөн дагы башка иштер жүргүзүлөт
7 / 10
Бардык жумуштар аяктагандан кийин, адистер жылытуучу шаймандардын түтүктөрүн жана арматураларын гидравликалык сыноодон өткөрүшөт
8 / 10
Бишкекте ысык суу дайыма бир айлык мөөнөткө өчүрүлөт
9 / 10
Быйыл Бишкекте ысык суу 17-майда өчүрүлдү
10 / 10
11-июнда борборго ысык суу берүү пландалып жатат