Пакистандык студенттердин сабалышы. Тараптар элдешип, кылмыш иши токтотулду

Жабырлануучу студенттер шектүү жарандарга доо коюудан баш тартып, тосмо арыз жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Мындан тогуз ай мурда болгон окуя боюнча, тагыраагы, пакистандык студенттер тоодон сабалганда козголгон кылмыш иши кыскартылып, шектүүлөр эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Журналист Канат Каниметовго иш козголду
Эске салсак, пакистандык студенттердин "Тюплые ключи" тоосунда ур-токмокко алынган окуясы өткөн жылдын июль айында болгон. Аталган факт Кылмыш жана жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Көп өтпөй милиция шектүү катары бир  адамды кармаган. Таяк жеген Аббас Али Шах ошол кезде күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан. Чет өлкөлүктөрдүн сабалышын кыргызстандыктар кескин сынга алган.