Жума күнгө карата аба ырайы

Синоптиктер 21-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Талас жеринде +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +26…+31, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын өрөөнүндө +16…+21 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +25…+27 градус болору айтылды.