Артём Новиковдун ордуна өкмөткө Айбек Жунушалиев келди

Жунушалиев министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Айбек Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.
Эске сала кетсек, Артём Новиков бүгүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалган.