Бишкекте түнгө чейин иштеген эмдөөчү жай ачылды

Шаар тургундары саат 15:00дөн 23:00гө чейин вакцина сайдыргыдай шарт түзүлдү. Студенттердин бейтапканасы борбордун ортосунда жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкектеги студенттердин бейтапканасында коронавирус оорусунан эмдөө боюнча кошумча пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстан Кытай бекер берген 150 миң доза вакцинаны алып келе албай жатат
Шаар бийлиги Бишкекте эпидемиологиялык абал жакшырбай жатканын, оорудан сактануунун натыйжалуу жолу вакцина алуу экенин белгиледи.
Эмдөө тууралуу суроолор боюнча 313297 тынымсыз линиясына же Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу байланышууга болот.
Буга чейин төмөнкү жактарда вакцина сайылчу: