БИШКЕК, 20-май — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы арчаларды дарылап жатат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Борбор калааны жашылдандыруу кызматы Улуттук илимдер академиясынын алдыңкы энтомологдорунун бири Иван Хегаев менен биргеликте арчаларды пландык текшерүүдөн өткөрдү. Анда арча бити жана кабык жегич коңуз каптай баштаганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Бак-дарактарга дары чөптү суу менен чачканда иммунитети жакшырып, өңү жашылданат. Мындай иштер биринчи болуп Чүй жана Чыңгыз Айтматов проспектилериндеги, Масалиев (Түштүк магистраль) менен Байтик баатыр көчөлөрүндөгү арчаларга жасалды.